The US FDA’s proposed rule on laboratory-developed tests: Impacts on clinical laboratory testing

.za
Ишке кириши

1990-жылдын 7-ноябры

Тип

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

колдонууда

Каттоочу уюм

ZA Central Registry

Уюштуруучу

ZADNA

Колдонулушу

ТАР

Документтер

эрежелер жана шарттар

Талаш-тартыштарды чечүү

талаш-тартыштарды чечүү

Сайт

www.registry.net.za

.za — Түштүк Африка Республикасы үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен[1].

Экинчи деңгээлдеги домендер

Бекитилген домендер

  • .ac.za —Түштүк Африканын академиялык жана жогорку коомдору үчүн.
  • .co.za — жеке адамдар жана ишканалар тарабынан жалпы пайдалануу үчүн.
  • .edu.zaТүштүк Африкадагы кошумча билим берүү жана жеке колледждер үчүн.
  • .gov.zaТүштүк Африканын өкмөтү, анын ведомстволору жана уюмдары үчүн.
  • .law.za — Түштүк Африканын юридикалык фирмалары үчүн.
  • .mil.za — Түштүк Африканын коргоо министрлиги жана анын мекемелери үчүн.
  • .net.za — биринчи кезекте тармак жана интернет-инфратүзүм провайдерлери үчүн.
  • .nom.za — уюмдар эмес, жеке колдонуу үчүн.
  • .org.za — биринчи кезекте Түштүк Африканын коммерциялык эмес уюмдары үчүн.
  • .school.zaТүштүк Африкадагы мектептер үчүн
    • .ecape.school.za — Чыгышкы Кап провинциясы
    • .fs.school.za — Фри-стрейт
    • .gp.school.za — Гаутенг
    • .kzn.school.za — Квазулу-Натал
    • .mpm.school.za — Мпумаланга
    • .ncape.school.za — Түндүк Кап провинциясы
    • .lp.school.za — Лимпопо
    • .nw.school.za — Түндүк Батыш провинциясы
    • .wcape.school.za — Батыш Кап провинциясы
  • .web.za — жалпы колдонуу үчүн

Колдонулбаган домендер

  • .alt.za тарыхый регистр болуп саналат.
  • .ngo.za — бейөкмөт уюмдар үчүн.
  • .tm.za — соода белгилери үчүн.

Өчүрүлгөн домендер

2009-жылдын 7 августунда ZADNA домен аймагынан бир катар домендерди өчүргөн.

  • .bourse.za — JSE тизмегиндеги бардык компаниялар үчүн.
  • .city.za — муниципалдык бийлик органдары үчүн.
  • .cybernet.za — Infront Investments Five cc үчүн.
  • .db.za — De Beers үчүн.
  • .iaccess.za — Компустат үчүн.
  • .imt.za — Түштүк Африканын деңиз технологиялары институту үчүн.
  • .inca.za — Internetworking Cape.
  • .olivetti.za — Марк Элкинс[2].
  • .pix.za — Proxima Information Exchange.

Булактар

Тышкы шилтемелер