Knowledge Base Wiki

Search for LIMS content across all our Wiki Knowledge Bases.

Type a search term to find related articles by LIMS subject matter experts gathered from the most trusted and dynamic collaboration tools in the laboratory informatics industry.

Каржы ― борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган акча фондусун түзүү жана пайдалануудагы экономикалык мамилелердин жыйындысы.

Мамлекеттин өнүгүшүнө, анын акча каражаттарын керектөөсүнө байланыштуу үзгүлтүксүз товар-акча жүгүртүүдө пайда болот. Өлкөлөрдө мамлекеттик каржылар (мамлекеттик бюджет, мамлекеттик камсыздандыруу, мамлекеттик насыя) жана ишкана (бирикме) менен эл чарба тармактарынын каржыларын камтыган каржы тутуму аркылуу коомдук өндүрүм менен ул. кирешени коомдук өндүрүштү пландуу өнүктүрүү, калктын турмуш деңгээлин дагы жакшыртуу, экономикалык интеграцияны өнүктүрүү, капит. жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен эки тарапка тең пайдалуу байланышты кеңейтүү үчүн бөлүштүрөт. Каржы тутумунда башкы орунду мамлекеттик бюджет ээлейт.

Булактар

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9